Сулайман Кайыпов, илимпоз: “Масадыковдун кызматка дайындалышы мени абдан кубандырды”

Таалатбек Масадыковдун Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары болуп дайындалышы жөнүндөгу кабар мени жаран катары абдан кубандырды. Шек жок, эң туура дайындоо болду! Анысы-мунусу эмес, адамдын кесипкөйлүгү биринчи планда турушу керек ко! Учурга, шартка да абдан ылайык болду. Буюрса, ушул дайындоо аркылуу кадрларды тандоо ишине жаңыча мамиле кылуунун алгачкы кадамы ташталды окшойт. Ылайым ошондой болсо экен! Бизди отуз жылдан бери улам тереңдеп бара жаткан кризистен жаштар да эмес, карылар да эмес, ким кесипкөй болсо, ошолор куткарат, профессионалдар куткарат. Жаш экен, кары экен дебей, колунан иш келген профессионалдарды кызматка тартуу – зарылдык. Жаштар-жаштар деп дуулдап жатып, 30-35ке чыккыча студент, магистрант рухунан ажырай албаган, БИЛИМИ БАР, БИРОК КЕСИБИ ЖОК жаштардын министерстволорго толуп алганы жакшы жышаан эмес. Эч жакшы эмес! Бул концецияны кайра кароо зарыл. Албетте, билими да бар, кесипкөй да болсо, андай жаштар улуттун алтын фондуна тете да. Мында талаш жок. Ошентсе да, бардык жерде жашына, жынысына, улутуна, динине карабай, кесипкөйлөр, профессионалдар иштей баштаганда гана прогресс болот. Таалатбек мырза – кесипкөй, тажрыйбалуу инсан, өзүнө төп кызмат орунга кыт куйгандай гана келип түштү. Ийгилик коштосун, ылайым!

Leave A Reply

Your email address will not be published.