Сулайман-Тоо тоосунун этегинде жансыз денеде табылган кыздын өздүгү аныкталды

Ош облусундагы Сулайман-Тоо тоосунун этегинде жансыз денеде табылган кыздын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Укук коргоо органдарынын айтымында, ЖМКга жарыялангандан кийин кыздын туугандары табылган. Ал Жалал-Абад облусунун тургуну болуп чыккан. Ошко кантип келип калганы белгисиз. Маркум 2005-жылы туулган жана эч жерде окуган эмес. Башка маалыматтар айтылган жок.
Эске сала кетсек, 30-октябрда саат 18:30 чамасында Сулайман-Тоо тоосунун этегинде кыздын сөөгү табылгандыгы тууралуу милицияга билдирүү түшкөн. Жеринде милиция кызматкерлери кыздын жансыз денесин табышкан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru