Султан Эргешов, “Баяна” тигүү цехинин директору: “Эң сапаттуу беткаптар тигилүүдө”

Жалал_Абад шаарындагы “Баяна” тигүү цехинде атайын ата-мекендик ишкерлер беткап тигүүдө. Дал ушул ишкердин пикирин уктук.

–Султан мырза, бет каптарды жасоо үчүн кездемелер кайдан келип жатат?

–Мурдагы өзүбүз кийим тигип жаткан кездеме бар эле. Ошону колдонуп жатабыз. Негизи кездемелер Кара-Суу базарынан келет. Эгерде дагы зарылчылык болсо  ушул базардан эле алып келебиз.

–Беткаптар сапаттуу элеби?

–Ооба, жакшы колдонуп, жууп тазаласа эки-үч жолу колдонууга жетет. Мындан сырткары эч кандай синтетикалык кошулма жок, таза марлиден тигилет. Бир күндө  1200 даанадан беткап тигилип жатат. Буюрса, эртеңден баштап Жалал_Абад шаарында сатыкка чыгат.  Бизден чыкканда 19 сомдон айланууда. Дарыканаларга канча сомдон сатылат аны биз чечпейбиз.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru