Сумаянын атасы: “Бул ишти ким кылса дагы жүрөгү жок, ыймансыз адам кылган”

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, кийин жансыз денеси табылган Сумая Хосилжанованын атасы Уткирбек Сулайманов учурда экспертизанын жыйынтыгы чыга электигин, текшерүү иштери жүрүп жатканын айтты.

Азыр медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Тийиштүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Азырынча эч нерсе дей албайм. Эч кимден, эч кандай күмөнүм жок. Кандайча мындай окуя орун алды деп ойлонуп бүтө албай жатам.

Бул ишти ким кылса дагы жүрөгү жок, ыймансыз адам кылган”, – деди ал.

Маалымат үчүн:

Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Аны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылган.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, 27-ноябрда жансыз денеси табылган Сумая Хосилжанованын өлүмү боюнча “киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголду.

Сумаяны акыркы сапарга узатуу зыйнатына 10 миңден ашуун адам катышты. Анын сөөгү Сузак айылынын Кайрагач мазарына жерге берилген.

Булак: Super kg

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru