Суусамырда сууга түшүп кеткен 42 жаштагы адам дагы деле табыла элек
Бүгүн, 14-майда Суусамыр өрөөнүндөгү Суусамыр дарыясына түшүп кеткен 42 жаштагы Бакир Исаковду издөө иштери улантылат. Бул туурасында ӨКМнын маалыматында жазылат.
Маалыматына таянсак, 13-май күнү жерине издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМдан жалпы 25 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылган. Бирок натыйжа болгон эмес. Кеч киргендигине байланыштуу саат 20:00дө издөө убактылуу токтотулган. Бүгүн издөө иштери улантылат.