Сузак районуна өзгөчө кырдаал жарыяланды
Жалал-Абад облусунун Сузак району карантинге алынды. Бул тууралуу “Коом пресс” сайтына өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахметов билдирди.
“ Коронавируска байланыштуу Сузак районуна өзгөчө кырдаал жарыяланды. Баардыгы өзүмдүн көзөмөлүмдө”- дейт облус башчы.
Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган алгачкы учур Сузак районунда катталып, анда Умрадан келген 3 кишиден аныкталган.