Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбековичтин кыска убакытта аткарган иштери тууралуу маалымат-(ВИДЕО)

Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович, 1973-жылы 15-августта Фрунзе шаарында туулган.
1995-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин “Бухгалтердик эсеп, чарбалык ишти контролдоо жана талдоо” адистиги боюнча бүтүргөн жана 2011-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын “юрист” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1995-жылы жеке ишкер катары баштаган.
2002-2006-жылдары – “Асейин” өндүрүштүк-коммерциялык фирма ЖЧКнун директорунун орун басары кызматын аркалаган.
2007-жылдын апрель айынан октябрь айына чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын жардамчысы болуп эмгектенген.
2008-2010-жылдары – “Спорт биримдиги” спортту өнүктүрүү коомдук фондунун директору болуп эмгектенген.
2010-жылдын апрель айынан сентябрь айына чейин – “Кара-Балта спирт заводу” МИнын директорунун орун басары болуп эмгектенген .
2010-жылы жана 2015-жылы Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер катары шайлоого катышкан.
2011-2012-жылдары – “Чакан ГЭС” ААКнун башкы директорунун орун басары болуп эмгектенген.
2012-2015-жылдары – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп эмгектенген (Түштүк аймагын жетектеген).
2015-2016-жылдары – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп эмгектенген (аскер блогун жетектеген).
2017-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын лидеринин кеӊешчиси болуп эмгектенген.
2018-2019-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын катчылыгынын башчысы болуп эмгектенген.
2020-жылдын январь айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI-чакырылышынын депутаты.
2020-2021-жылдары – Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
2021-жылдын январь айынан октябрь айына чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.
Үй -бүлөлүү, эки кыз, эки уулдун атасы.
НУРБЕК СЫДЫГАЛИЕВ тизмеде №5✅ “Ишеним” саясий партиясы менен өз талапкерлигин көрсөтүп жатат.
Татыктууну тандап алалы!
Сөздөн ишке өтөлү!

Даярдоочу: «Koom.press» Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти № 64. Буйрутмачы: “Ишеним” саясий партиясы. Нускасы: 1 даана. 2021-жылдын 24-ноябрында даярдалды. “Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күб.№6, 01.09.2021 ж.).

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru