Сыймык Бейшекеев: “Курал менен Кайратты кечирип эле койгонубуз туура”

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу, аткаруучу Сыймык Бейшекеев  учурда коомчулукта кызуу талкуу болуп жаткан ырчы Курал Чокоев тууралуу өз пикирин, коом.press сайтына билдирди.

“Жигиттер өз айыбын мойнуна алып, кечирим сурашты. Балдар балалык кылды дейин десем жаш эмес, айтоор башкаларды туурайбыз деп адашып калышты. Калктын калың катмарынын терс пикири алар үчүн чоң жаза болду. Экөө тең мен сыйлаган мыкты жигиттерден болчу, кайсы кара теке сүзгөнүн өздөрү деле билбей калышты окшойт. Мен алар менен байланышып, таарынычымды айттым. Бул окуя башкаларга да чоң сабак болду.

Мурунку жасаган жакшы иштеринин баарын ушул окуя жууп кеткендей болду. Бирок, эми кечирип койгонубуз эле туура болот го деген ойдомун. Мындан аары кайталанбашына кепилдик алып, 7 өлчөп бир кесели. Наам деген бир барак, бирок элдин колдоосунан чыгып калуудан кудай сактасын! Ошол эң чоң жаза! Мен үчүн кордуктун жеткен чеги ошол!”-дейт Бейшекеев.

Маданиятка эмгек сиңирген артист ошону менен бирге, интернет колдонуучуларын пикир жазаарда этият болууга чакырды.

“Кыргызда “Атаңа наалат” –деген сөз өтө чоң жаза. Ата-энеде эмне күнөө? Эч бир ата-эне баласына андай нерсени үйрөтпөйт. Ошондуктан өзүнө, ишине сын айтылса да, ата-энесине асылган туура эмес!”-деди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.