Сыймык Бейшекеев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти: “Дарыгерлерди ташууга уруксат беришкен жок”

Кечээ ырчы өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу дарыгерлерди үйүнөн ташып туруу үчүн ыктыярчыларды жана унаа издеп жазган болчу. Бүгүн аларга уруксат берилбегенин «коом press» сайтына билдирди:

«Негизи жалпы республикалык жана кардиологиялык ооруканаларда иштеген дарыгерлер жумушка келе албай жатышыптыр. Биз 100дөй санаалаштар биригип өзүбүздүн машиналар менен ташып турсакпы дегенбиз. Бирок  комендант менен сүйлөшкөнүбүздө бизге уруксат беришкен жок. Баарын өздөрү камсыздашат экен. Болгону биз үч-төрт маршрутка таап бердик»-деди ырчы.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коменданттык саат киргизилгенине эки күн болду.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru