Сыймык Жапыкеев Каржы полициясын чуулгандуу иштерди иликтөөгө үндөдү

Сыймык Жапыкеев Каржы полициясынын башчысы катары кол алдындагылар менен биринчи жолугушууну өткөрдү. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген жогорку кызмат адамдарына жана ак ниет эмес ишкерлерге каршы ири масштабдуу чуулгандуу иштер каржы полициясынын ишинин артыкчылыгы болушу керек, бир тыйын зыян келтирген майда иштер эмес. Ошондой эле Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттер жөнүндө маалымат келип түшсө, аларга карата эң катаал чаралар көрүлөрүн белгиледи. Эске салсак, «Чоң Казат» партиясынын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев өзүн башкы прокурор деп жарыялаган. Бирок ал бул кызматта көпкө отурган жок жана көп өтпөй расмий түрдө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын башчысы болуп дайындалды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru