Түндүк Кореяга “Кальмар оюну” сериалын алып кирген адам өлүм жазасына тартылды

Түндүк Корея бийлиги “Кальмар оюну” сериалынын көчүрмөлөрүн аткезчилик жол менен алып кирип, жарандарга саткан адамды өлүм жазасына тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, мыйзамсыз алып келинген флешкада популярдуу сериалдардын көчүрмөсү болгон. Укук коргоочулар флешканы сатып алган жети кардарды кармаган, алардын баары мектеп окуучулары болгон.

Флешка сатып алган жаран өмүр бою эркинен ажыратылган. ал эми өспүрүмдөр сериалды көргөнү үчүн 5 жылга оор жумушка кесилген. Кармалган окуучулардын класс жетекчиси менен мектеп директору иштен бошотулуп, алыскы аймактагы шахтага түзөтүү жумуштарына жиберишет.

2021-жылы Түндүк Кореянын бийлиги “реакциячыл пикирге жана маданиятка каршы” мыйзам кабыл алган. Ал мыйзамга ылайык, өлкөнүн жашоочулары Түштүк Корея, АКШда тартылган тасмаларды көргөнү жана китептерин окуганы үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратылат. Түштүк Кореянын сленгине да тыюу салынган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru