Арча-Бешикте үй өрттөнүп, үйдүн ээси каза болду

Бүгүн, 10-ноябрга караган түнү Бишкектеги Арча-Бешик конушундагы үйдөн өрт чыгып, 29 жаштагы үй ээси каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

“Арча-Бешик конушунун Күйүков көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 90 чарчы метр чатыры, балдар бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттү өчүрүүгө саат 03:28де 1 бөлүм тартылган. Кошумча саат 03:46да Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Турак үйдөн чыккан өрт саат 04:25те чектөөгө алынып, саат 05:28де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен үй ээси (1991-ж.т. А.У.) көмүр кычкыл газына ууланган”, – деп билдиришти ӨКМдан.

Жабыркаган адамды “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен. Аталган жаран ооруканага жетпей каза болгон. Учурда өрттүн себеби такталууда.


Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru