народный

Түндө коменданттык саат учурунда тартип бузган 99 жаран кармалды

Коменданттык сааттын шартын бузган 99 жаран кармалып, 7 автоунаа токтотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымакта ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 82, Ош шаары боюнча – 8, Жалал-Абад шаары – 3, Сузак районунда – 4, Кара-Суу районунда – 2 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилген. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

“Жалпысынан алганда 25-марттан башта бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 1489 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилген”, – деп айтылат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru