Түндө коменданттык сааттын шартын бузган 50 жаран кармалды

 

 9-апрель саат 20:00дөн тартып 10-апрель таңкы саат 07:00гө чейинки коменданттык сааттын шартын бузган 50 жаран кармалып, 7 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен: Бишкек шаары боюнча – 37, Ош шаары боюнча – 2, Жалал-Абад шаары – 4, Сузак району – 3, Кара Суу району – 3, Ноокат районунда – 1 жаран кармалып, ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

“Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2242 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилген”, – деп айтылат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru