Түндө мас айдоочу авто коюуучу жайды каттуу ылдамдык менен келип сүздү (ВИДЕО)
Бул тууралуу активист Болот Ибрагимов өзүнүн баракчасына жарыялады. Маалыматка ылайык кырсык 24-апрель күнү түнү саат болжол менен 1:20 ларда болгон. “Subaru” үлгүсүндөгү унаа өтө каттуу ылдамдык менен келип, авто токтотуучу жайдын дарбазасын сүзгөн. Андан ичинде токтоп турган 7 унаа дагы жабыркаган.