Түндө Жалал-Абадда мыйзамды 1 эле киши бузду


Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары, Сузак раойонунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду.
2020-жылдын 02-апрелден 03-апрелге караган бир сутка ичинде областын аймагында баары болуп – 31 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 4 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактын карамагында болгон. Ошондой эле “Коронавируска” тиешелүү такталбаган жалган маалыматтарды тараткан текшерүүнү талап кылган – 3 факты катталып (Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Тогуз-Торо), учурда текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы – 177 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген.
Белгилеп кетүүчү жагдай, Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймактарында жүргүзүлүп жаткан күчөтүлгөн тартиптеги алдын алуу иш-чараларынын жыйынтыгы өз найтыйжасын берип, өткөн сутка ичинде Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 1 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШИИБге жеткирилген. (2-апрелге карата – 7 атуул коменданттык сааттын эрежелерин бузгандыгы үчүн кармалган эле).
Ошондой эле, ал калкка кайрылуусунда элдин ден соолугу мамлекеттин башкы байлыгы экендигин баса белгилеп өттү.

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданттын
басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru