Түп районунда кызыл зона жабылды

Ысык-Көл облусунун Түп районунда коронавирус жана пневмония менен ооруган бейтаптар азайып, кызыл зона жабылды. Бул тууралуу райондук үй-бүлөлүк даарыгерлер борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда өпкөнүн кагынуу илдети менен ооругандар Каракол шаарындагы облустук бириккен ооруканага которулууда.

«Бүгүн, 24-августка карата Түп районунда оорунун жаңы түрү катталган жок. Илдет менен ооругандар басаңдап калды. Эпидемиологиялык абал турукташып калгандыктан бирин-экин ооругандар 16-августтан баштап Караколго жиберилүүдө. Ал эми мурда ооруп бейтапканага жаткандардын акыркысы 22-август күнү айыгып, райондо кызыл зона жабылды. Ал эми бронхид, вирустан кийин кайра суук тийип ооругандар амбулатордук шартта дарыланууда», – дешти дарыгерлер.

Медицина кызматкерлери кошумчалагандай, учурда COVID-19га карата эмдөө иштери уланууда.

«Районго кытайдын биринчи дозасы июнь айында келип, 7500 адам эмдөөдөн өткөн. Август айында ушул эле өлчөмдө экинчи доза келип, бүгүнкү күндө 3579 адам вакцина алды. Алдыда дагы 3921 доза калды», – дешти дарыгерлер.

Коронавирусту алдын алуу жана жайылышына бөгөт коюу максатында 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жана 26 эмканада эмдөө жүрүүдө. Учурда медицина кызматкерлерден сырткары ден соолукту чыңдоо комитеттери элеттиктерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru