Түп районунда мектеп окуучусу өз жанын кыюуга аракет кылган

Ысык-Көл облусунун Түп районунда мектеп окуучусу өз жанын кыюуга аракет кылганын анын чоң атасы Дүйшөн Молдакунов Турмуш басылмасына билдирди. Чоң атасынын айтымында, небереси 8-класста окуйт. 2 күн мурун ал мектепке барган. Андан кийин үйгө келип, мал карап, асынып өлүүгө аракет кылган. Ал небересин байкап, биринчи медициналык жардам көрсөткөн. «Биздин небере абдан токтоо бала. Биз менен жашайт – чоң эне жана чоң атасы. Неберемдин ата-энеси мектепте рэкетчилик кылган балдарды жазалоону талап кылышууда. Алар небересинен акча талап кылышкан », – деп билдирди Дүйшөн Молдакунов. Облустук оорукананын дарыгери Токтобек Имеров кечээмурда күнү саат 20: 00дө оор абалда түшкөнүн билдирди. 2 күндөн кийин ал өзүнө келген. Толугу менен калыбына келүү үчүн 4 ай убакыт талап кылынат. Мектептин директору Сагынбек Түлөбердиев бала жакшы окуй тургандыгын, абдан токтоо экенин айтты. Алдын ала маалыматтар боюнча, 9-класстын 9 окуучусу андан акча талап кылышкан. Эгерде алардын күнөөсү далилденсе, анда алар жазасын алат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru