Түркия Азербайжанга темир жол салууну пландап жатат

Түркия Азербайжан Нахичеванына “Кавказдагы акыркы окуялардын фонунда” темир жол салууну көздөп жатат, деди бейшемби күнү Түркиянын Транспорт жана инфраструктура министрлигинин башчысы Адил Караисмаилоглу.
“Кавказдагы акыркы окуялардын фонунда биз Нахичеван багытында темир жол курууну пландап жатабыз. Изилдөө иштери жакын арада аягына чыгат”, – деп Анадолу агенттиги Карайсмаилоглунун сөзүн келтирди.

Түркиянын президенти Тайип Эрдоган 11-ноябрда Анкара менен Москва Карабактагы ок атышпоо режимин көзөмөлдөө борбору жөнүндө меморандумга кол коюшканын, алар “биргелешкен тынчтыкты орнотуу миссиясына” катышат деп билдирди. Буга чейин Россиянын Президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков Москва менен Анкара Азербайжандын аймагындагы мониторинг борбору аркылуу Карабахта иштешет бирок “биргелешкен тынчтыкты сактоо күчтөрү жөнүндө сөз болгон эмес” деп билдирген.

10-ноябрда Россия, Азербайжан жана Армениянын лидерлери Владимир Путин, Ильхам Алиев жана Никол Пашинян Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттерди толугу менен токтотуу боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Билдирүүгө ылайык, бир катар региондор Азербайжандын көзөмөлүнө өтүп жатат, тараптар туткундарды алмашууда, орусиялык тынчтык күчтөрү байланыш линиясы боюнча жана Карабакты Армения менен байланыштырган Лачин коридоруна жайгаштырылды. Ошондой эле Азербайжан менен Нахичеван Автономиялуу Республикасынын ортосунда коридор ачуу каралууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru