Түркия Израилдин жаңы отурукташуу пландарына каршы

Түркия, Израилдин Батыш Шериада мыйзамсыз 850 турак үйдүн конушуна имараттын пландарын жактыра тургандыгы жөнүндөгү жарыяларды санааркоо менен укканын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израилдин мыйзамсыз отурукташуу иштерин ылдамдатуусуна байланыштуу, «Израилдин Батыш Шериада кошумча 850 мыйзамсыз турак жай куруу планын жактырат деген билдирүүсү бизди тынчсыздандырат»,- деди.

Билдирүүдө, бул кадам Израилдин АКШдагы жаңы администрация кызматка киришкенге чейин мыйзамсыз аракеттеринин акыркы мисалы болуп саналаары белгиленип, «Израиль аймактык бүтүндүгү бар көз карандысыз жана суверендүү Палестина мамлекетинин түзүлүшүнө жол бербөөгө жана эки мамлекеттүү чечим табуу мүмкүнчүлүгүн жок кылууга аракет кылып жатканы айдан ачык. Биз Эл аралык жамаатты, БУУнун чечимдери баш болгон эл аралык мыйзамдарды тебелеген мындай пландарды токтотуусу үчүн Израилге керектүү кысым көрсөтүүгө жана бул агрессивдүү аракеттерге каршы турууга чакырабыз»,- деген сүйлөмдөр камтылды.

Израиль бийлиги кийинки жумада жөөт отурукташуучулары үчүн Батыш Шериада дагы 850 үй куруу чечимин жактырары белгиленген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.