Түркияда бир сутка ичинде COVID-19 оорусунун 2017 жаңы учурлары аныкталды. Бул туурасында өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады. Жалпы аныкталган саны 361 801ге жетти. Белгиленгендей, коронавирустук COVID-19 инфекциясы менен 72 бейтап көз жумган, бардыгы 9799 адам каза болгон.