Түркиядагы кыргызстандыктар пенсия алып баштайт

Кырргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын үй-бүлө, эмгек жана социалдык кызмат министри Ахмет Эрдем менен жолукту. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Өмүралиев мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо темасын козгоп, Кыргызстандын жарандарынын Түркияда легалдуу иштөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды.

Ал эми министр Эрдем Түркиянын Ички иштер министрлиги менен биргеликте кыргыз жарандарынын Түркиянын аймагында түздөн-түз иштөөсүнө уруксат алуу маселесин кароого даяр экендигин билдирди.

Сүйлөшүүдөгү негизги маселе, эки мамлекеттин тең мыйзамдуу негизде иштеген жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн жарандардарына пенсия жана жөлөкпул алууга мүмкүндүк берүү долбоорун ишке ашыруу болгон.

Сүйлөшүүлөр натыйжалуу жүрүп жаткандыгын айтылат.

Демек, жакынкы аралыкта Түркияда мыйзамдуу иштеген кыргыздар пенсия жана жөлөк пул алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Leave A Reply

Your email address will not be published.