Түркиядагы жер титирөөдөн үч жашар кызды ураандылардан тирүү алып чыгышты

Түркиядагы жер титирөөдөн 65 саат өткөндөн кийин үч жашар кызды урандылардан тирүү алып чыгышты Кыйраткан жер титирөөдөн 65 саат өткөндөн кийин, Түркиянын Измир шаарындагы турак үйдүн урандыларынын арасынан үч жаштагы Элиф Перинчек аттуу кыз чыгарылды. Бала медициналык мекемеге жеткирилген. Элифтин туугандары анын куткарылышын керемет деп аташты. Кыз кандай жаракат алгандыгы тууралуу маалымат азырынча айтыла элек. Бүгүнкү күндө Түркиядагы куткаруучулар тарабынан урандылардын алдынан чыккан адамдардын жалпы саны 106га жетти. Буга чейин куткаруучулар үйдүн урандыларынан 14 жаштагы Идил Ширинди алып чыгууга жетишкен.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru