Түркмөн башчысынын жубайы алгачкы жолу коомчулукка чыкты – (СҮРӨТ)

Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун жубайы Огулгерек Бердымухамедова алгачкы жолу коомчулукка чыкты. Бул тууралуу Түркиянын Sondakika агенттиги жазды.

​Маалыматка ылайык, Ашхабад шаарында Гурбангулы Бердымухамедов менен Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган жолуккан.

Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган жана Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун жубайы Огулгерек Бердымухамедова

Түрк лидеринин иш сапарын чагылдырган түрк басылмалары президенттерди жубайлары менен сүрөткө тарткан. ЖМКлар бул Түркмөнстандын канайымы Огулгерек Бердымухамедованын расмий алгачкы сүрөтү экенин белгилешкен. Ошол эле түркмөн ЖМКлары биринчи канайымдын сүрөтүн коомчулукка жарыялаган эмес.

Огулгерек Бердымуxамедова — эл көзүнөн оолак, табышмактуу каныйымдардын бири. Үч кыз, бир уулдун апасы. Кээ бир маалыматтарда ал жолдошу менен жашташ экени айтылат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru