Түрмөгө жашыруун 15 гр баӊгизатын киргизип жиберишкен

Милиция кызматкерлери Бишкектеги СИЗО-1ге баңгизат жеткирүү аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз адамдар жакын арада баңгизатын тергөө абагына өткөрүүгө аракет кылары тууралуу маалымат түшкөн.

Кийинчерээк, бир кап ундун арасынан 15 гр кара куурай чайыры (гашиш) табылган.

Кармалган 1988 -жылы туулган О.Д. билдиргендей, анын тааныштарынын бири камактагылардын бирине азык -түлүк пакетин өткөрүп берүүнү суранган. Ал өзүнө белгисиз адамдардан төрт пакет алган.

Кийинчерээк милиция кызматкерлери 1994 -жылы туулган А.Э.ди жана 1998 -жылы туулган А.М.ны таап, кармашкан. Биринчиси убактылуу кармоочу жайга киргизилип, экинчиси күбө катары суракка алынган.

Экспертизалар дайындалды, тергөө уланууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru