народный

Түштүк Кореяда коронавирусту 82 адам жуктуруп алды

Түштүк Кореяда коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 82ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министринин алдындагы Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору уюмунан (KCDC) билдирди.

 Маалыматка ылайык, Кёнсан-Пукто провинциясында жана Тэгу шаарында илдетти жуктурган дагы 30 учур аныкталган. Илдетти жаңы жуктурган 23 адам буга чейин коронавирусту жуктуруп алгандар менен бирге чиркөөдө жакын байланышта болгон.

Сеулда дагы бир адам ооруну жуктурган. Ал 61 жаштагы аял  буга чейин Кытайга барган эмес, аны менен бирге, ооруган адамдар менен байланышта да болгон эмес. Бирок, 61 жаштагы жаран текшерүүдөн өткөндө оорунун белгилери аныкталган. Учурда ал карантинде болууда.

Акыркы маалыматтар боюнча, Түштүк Кореяда 16 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми 66 адам дарыланууда жана 1633 жаран текшерүүдөн өтүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru