народный

Түштүк Осетия Россияга кошулабы?

Көз карандысыздыгы талаш жаратып келген Түштүк Осетия өлкөсүнүн башчысы Анатолий Бибилов аймакты Россияга бириктирүү үчүн референдум өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Документ Бибиловдун расмий сайтына жарыяланды. 

Жарлыкта референдум 17-июлда өтөрү белгиленген. «Рес» маалымат агенттиги жетекчилик «бул Түштүк Россиянын элинин тарыхый каалоосу» деп түшүндүргөнүн жазды.

Агенттик ошондой эле Түштүк Осетиянын Жогорку Соту жарлыкты мыйзамдуу деп таап, референдум өткөрүүгө уруксат бергенин маалымдады.

Айта кетсек, Анатолий Бибилов президенттик шайлоонун 8-майда өткөн экинчи турунда (биринчи тур 10-апрелде өткөн) «Ныхас» партиясынын лидери Алан Гаглоевге жеңилип калган. Түштүк Осетиянын эркиндигин дайым жактап келген жаңы президент кызматына 24-майда расмий киришет. Ал азырынча жарлыкты жокко чыгарарын же колдоорун ачык айта элек.

Түштүк Осетия көптөгөн согуш, чыр-чатактардан кийин 1992-жылы Грузиядан көз карандысыздыгын жарыялаган. Эгемендигин эң биринчи 2008-жылы Россия тааныган.

Бул чечимди БУУга мүчө мамлекеттердин дээрлик көпчүлүгү ушул кезде да колдобой келет. Ал эми Грузия Түштүк Осетияны дале өз аймагы катары санайт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru