Түштүк Суданда кармалган Варламов Угандадагы элчиликтен жардам сурады

Угандадагы Россиянын элчилигине блогер Илья Варламов Түштүк Суданда кармалгандыгы тууралуу кайрылганын жана аны кабыл алгандыгы тууралуу шаршемби күнү РИА Новостиге дипломатиялык миссиянын өкүлү билдирди.

Буга чейин блогер Илья Варламов жубайы менен, “Медиазонанын” негиздөөчүсү Петр Верзилов жана алардын эки шериги болуп, Түштүк Судандагы Капоэта шаарында кармалгандыгын билдирген.

“Учурда окуянын чоо-жайын тактап жатабыз. Бизден консулдук жардам суралганын тастыктап бере алабыз”, – деди агенттиктин маектеши.

Түштүк Суданда Россиянын элчилиги жок болгондугуна байланыштуу, маселени Угандадагы дипломатиялык өкүлчүлүк көзөмөлдөйт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.