Түштүктө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү дээрлик 2,5 кг героин менен кармалды

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы баңгизаттардын оор түрүнө кирген героиндин ири партиясын сатып жаткан жаранды кармашты.

16-ноябрь күнү Ош шаарынын аймагынан Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочусу 1984-жылы туулган Х.С. аттуу жаран кармалды. Ал баңгизаттарды мыйзамсыз сактоого жана сатууга шектелүүдө. Мурда ээнбаштык иш-аракеттерин жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Шектүүнү кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлдү. Кармоо учурунда ага өздүк кароо жүргүзүлүп, өзгөчө кескин жыты бар, кара жана жашыл түстөгү скотч менен таңгакталып баштыкка оролгон зат табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган зат 2 килограмм 455 граммды түзгөн “Героин” баңгизаты экендиги аныкталды.

Азыркы учурда “Баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Ошондой эле, кармалган жаран Х.С. башка факты боюнча шектүү катары жүргөн жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Эки кылмыштуу топтун мүчөлөрү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында бири-бирине курал колдонуп чырдашкан факты катталган. Андан сырткары, алар укук коргоо органынын өкүлүнө каршылык көрсөтүүгө байланышкан ээнбаштыкка шектелүүдө.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине ээнбаштыкка жана куралды мыйзамсыз колдонуу фактылары боюнча 4 факты катталган. Бирин-бири менен чырдашкан эки топтун катышуучулары кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Азыркы учурда эки кылмыштуу топтун 9 мүчөсү кармалды.

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы уюшкан кылмыштуулук көрүнүштөрүнө каршы аракеттенүү, кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнү улантып жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru