Төө-Ашуудагы тоннель бир ай бою күнүнө эки жолу жабылып турат

Төө-Ашудагы К. Көлбаев атындагы тоннель 23-августтан 23-сентябрга чейин күнүнө эки жолу жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, тоннелде желдетүү системасын оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Тоннель жабылган сааттар:

— 07:00-08:30 — оңдоо иштери (жабык)

— 08:30-14:00 — унаалар өтөт (ачык)

— 14:00-15:30 — оңдоо иштери (жабык)

— 15:30-07:00 – унаалар өтөт (ачык)

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru