Төкмө акын Идрис Айитбаев Даниэл Ажиевдин тарапташтарына кайрылды

“Коом press” сайты төкмө акын Идрис Айитбаевге арам акча менен кайрымдуулук кылса болобу деген суроо узаткан. Анын жообу төмөндөгүчө болду:

Саламатсыздарбы, урматтуу окурмандар?

 Мага “арамдан табылган акча менен кайрымдуулук кылса болобу” деген суроо келди. Негизинен ата бабалар бекеринен “чымчыкты сойсо да касапчы сойсун”-деп айтышкан эмес. Устаздар, аалымдар шейхтер бул суроого жооп берсе жакшы болмок. Антсе да,  коомдо кечээки Даниэл мырзанын кылган аракеттеринен улам ар түрдүү адамдардын айтканын угуп олтуруп, Кыргызстандын жараны катары өзүмдүн оюмду, пикиримди билдиргим келди.  “Жеп жатканда оозуңа киргенди, сүйлөп жатканда оозуңдан чыккан нерсеге көңүл бур”- дейт кыргызда.  Демек жеп жатканда адалданбы арамданбы көңүл бур, сүйлөп жатканда сөзүң адамдарды кубантабы кайгыртабы, туурабы эмеспи суроону өзүңө берип, анан сүйлөө керек. Адамдардын баардыгына  сүйлөй турган сөзүңөрдү алгач жазып анан сүйлөгүлө деген буйрук келсе, сүйлөй турган сөзүбүздүн көбүнөн баш тартмакпыз. Антсе да, кечээки болгон окуялардан улам арам менен адал жөнүндө токтолоюн.

Аллах Таала куранда намаз окугула деген сыякттуу эле “адал жана таза нерселерди жегиле”-деп буйрук берет. Мына ушул аянттын негизинде сахабалардын аялдары күйөөлөрү жумушка чыгып баратканда “ачкалыкка чыдайбыз бирок тозоктун отуна чыдабайбыз. Бизге адал тамак алып келиңиз”-деп айтчу. Мындан улам ар бир угарманга, окурманга кайрылаарым:-жеп жаткан тамагыңыздын адал экенине көңүл буруңуз. Анткени, ооздон кирген арам тамак адамдын жашоосун жаман жакка тартып барат.  Жашооңуздагы жакшылыктардан куру каласыз. Арам нерседен качуу, жаман нерс качуу менен ибадаттан дагы көп сооп аласыңар”. Ошондуктан,  айрыкча мындай учурда  арамдан, зынаадан ар бир адамдын качуусун суранып кетем. Кудай Таала дагы бир курандагы аятында “зынаага жакындашпагыла”-деп аят кылат. Мындан улам зынааны кылыш нары турсун, жанына жакын келбегиле бир маани чыгат. Демек зынаадан, арамдан табылган акча менен садака кылынбайт.

Пайгамбарыбыз  Алехи Салам “зынаадан табылган акча арам жана нажаасат менен барабар”- деди. Ошондуктан  арамдан этият болууну суранам. Азирети Абу Бакр бир күнү курсагы ач турган кезинде жанында турган шериги тамак алып келет. Ачка болуп турган жаны бир тиштеп алат дагы “кайдан алып келдиң”-деп жардамчысынан сурайт. Бул тамакты кайдан алып келгени, арам же адал экендиги күмөн болуп калат. Мына ошондо Абу Бакр сакаба колун оозуна салып кусуп, тамакты чыгарат. “Эй эмне үчүн бир тиштем тамакты чыгарып жатасың”- дегендерге “өлүшүмдү билсем дагы чыгармакмын. Себеби, Пайгамбар арам кирген дененин бара турган жери тозок деди”-деген. Мындан улам урматтуулар эмне үчүн арамды жебеш керек? Арам тамак жеген адамдын табияты дагы арамга кете берет. Чочконун этин жебегиле,  аракты ичпегиле дегенинин себеби да ушул.

Азирети Умардан дагы окуя айтып берейин. Бир күнү жардамчысы сүт алып келет, ичип алат. Анан жардамчысынан сүт кайдан келгенин сураганда зекетке келгенин айтканда сүттү ал дагы оозунан чыгарып салат. Анткени, зекет кедей кембагалдардын акысы, аны жегенге акылуу эмесмин деп жооп берет. Демек, Азирети Умардан биздин чиновниктердин ала турган сабагы сырттан кедейлерге, жетим жесирлерге деп келип жаткан гуманитардык жардамдарды да сол чөнтөккө кетиришүүдө. Жетим жесирге деп келген акчалар биздин акыбыз эмес.  Бир күнү Азирети Умардын аялы жаңы көйнөк алып кийет. “Бул акчаны кайдан алдың”-десе “сиз азык түлүккө берген акчаны үнөмдөп олтуруп бир көйнөккө ашырып сатып алдым”-дейт. “Демек мен мамлекеттен бир көйнөктүк акча ашыкча алып жатыптырмын” -деп ойлонгон Азирети Умар мамлекетке барып бир көйнөктүн акчасын айлыгынан кыскартып келет. Бир күнү бир киши тилемчи кишинин тиленип олтурганын көрүп,  колуна бир чыны алтын берет.  Тилемчи киши алтынды алып барып коротуп ичип, анан башка тилемчи досуна:- “кечээ бирөө бир кочуш алтын берди эле ичип ойноп келдим”-деп мактанат экен.  Бул сөздү уккан бала келип устазына окуяны айтат. Устазы мына бул менин акчамдан көчөгө чыгып садака кылып кел дейт.  Көчөгө чыгып бир кишиге садака кылып акчаны берип, артынан күзөтүп барат. Ал койнундагы бөдөнөнүн эскирип калган этин ыргытканда артынан чуркап барып бул эмне кылганың дейт. Акча берген киши артынан күзөтүп келе жатканын көргөн киши айла жок чындыкты, “Менин үйдө балдарым ачка калышты. Пайгамбарыбыз САВ тилемчилик кылбагыла дегени үчүн жээрге нан таппай ушул эскирип калган бөдөнөнүн этин алып кетип бараткам. Алла сизди алдымдан чыгарды жана мен муну ыргыттым. Эми жаңы сиз берген акчага жаңы сатып алам”-деп айтат. Муну шакирти устазына кайра айтып келет.  Ошондо устаз “көрдүңбү биринчи садака берген адамдын акчасы арамга тартканы үчүн арамга кетти. Мен берген акча адалга табылганы үчүн адалга кетти”- дейт. Ошондуктан,  окурмандарга айтаарым арам нерседен берилген садакага сооп да берилбейт. Арамдан табылган акча садака кылынбайт, садаканы алган адам мунун арамдан экенин билсе, Аллах сенден ыраазы болсун деп айта албайт. Бул “Аллах сенден ыраазы болсун сен дагы  ушундай арам акча таап бизге алып келе бер”- дегенди билдирет. Кудайдын тыйган нерселерин  жасап, акча таба бер, азамат”- дегенди билдирет.

Эми Даниэл мырзага келели. Даниэл мырза өтмүштөгү кылган  ката кемчиликтерин өкүнүп, тобоого келип “Алла мени кечир, мен эми зынаа кылбайм, арамдан акча таппайм деп тобаа келип, акчамды эмне кылсам”- деп садака кылып баштагандыр. Зынаадан табылган акчага желе турган нерсе алып берилбейт. Арамдан табылган акчага садака кылгысы келсе бирөөнүн дааратканасын жасап берсин бирок ашказанына тамак алып бербесин. Себеби арамдан табылган азыкка азыктанган дене ибадаттын,  Аллахтын буйруктарын аткарбай коёт.  Керек болсо бир эле банан желе турган тамакты уурдап келе турган болсо, бул дагы адал болбой калат бизге. Демек, адал нерсени уурдап, таап жесеңиз дагы денени булгайт. Балаңызга уурдап  адал эле тоокту жедирсеңиз, балаңыз жей берет. Бирок уурдап келгени үчүн адал өкүмүн жоготуп коёт, балаңыз сизге тил албай, үйүңүздүн  куту, берекеси учуп кетет. Ошондуктан зынаадан табылган садака жеш менен бирге коомчулуктун аң сезими бузулуп кетет.  Бир өлкөнүн арасында адамдарынын арасында зына кылуу жайылып кетсе, ал өлкөнүн талкаланышы башталыптыр дей бергиле. Бүгүн зынакорлук жайылып кетти, керек болсо зынаадан тапкан акча менен садака кылган да жайылып баратат. Зынаадан тапкан садакасына Ма-Ша-Аллах деп колдоп коштоп, башкаңар кылбагандан кийин жөн олтургулачы деп ошону макул деген адамдар көбөйдү. “Эмне,  жакшылык кылыш үчүн адалдан табышым керекпи”-деп өз сөзүндө айтты. Ооба жакшылык кылыш үчүн адалдан акча табыш керек.  Пайгамбарыбыз Алейхисалам төрт нерсени канды, денени, итти сатуудан кайтарат. Зынаа кылган  адамдын төрт апааты бар.  Биринчиси зынаакордун жүзүнөн нур кетет, ырыскысы кесилет. Зынакорлор бай болгону менен жүз жылдык өмүрү кыскарып, отуз, балким кырк жыл эле жашап калаттыр.  Аллахтын азабы келип, тозокто эң көп зынаакорлор калып кетет.  Урматтуу окурмандар, кичи пейилдикке “өзүңдү билчи, молдо болуп күйдүрбөчү”-деп  менин үстүмдөн асылып, табалаштын кереги жок. Көзүңүздөрдү ачыңыздар.  Зынаадан желген лукма, зынадан желген тамактар денеңиздин ибадатка болгон кулдугун жоготуп салат. Туура багыттан тайып кетесиздер. Ооздон кирген нерсе түз эле ашказанга барат. Ал эми көз  менен кирген нерсе ыйманга барат.  Көз менен кулакты да этият кылыңыздар.  Арамды көрө бербей, ушак гыйбатты уга бербей сактабагыла. Жалпыңыздардан суранам, тамактардан сак болуңуздар. Ачарчылыкта да зынаакорлук кылбаган бабалардын урпагыбыз. Алар бизге мекен үчүн эң жакшы иштерди жасады.  Балдарды не деген шерменделикти жасап атабыз? Ушундай учурда мен сиздерден суранам. Ачка калып өлүп атсаң дагы арам тамактарды оозуңуздарга салбаңыздар.

 Биздин Даниэл мырзага Аллахым ыйман берсин. Кетирген ката кемчиликтерин кечирсин.  Анын баскан турган жолун элдин баары ачык эле көрдү.  Элге арамдан табылган акчаны желе турган тамак катары бербей, тамын жаап берсин, дааратканасын жасап берсин.  Анткени арам тамак менен бүтүндөй коомчулукту бузуп салабыз. Кичи пейилдикке туура түшүнүү керек. Даниэл мырза элден кечирим суроо менен бирге өтмүштөгү кемчиликтерин кылбай кайталабай, ишканаларын жаап, баардыгын жыйып өрттөп салсын. Арамдан табылган акчага садака кылынбайт, кылынса да сооп берилбейт.  Мурдагылар душманына кылган жакшылыкты, азыркылар тууганына кыла албай жатышат.  Мурдагылар  нафиль намазына бөлгөн көңүлүн,  азыркылар парызга бөлө албай жатышат.  Мурдагылар шек күмөндөн качканчалык азыркылар  арамдан кача албай жатышат. Ошондуктан, келиңиздер,  арам тамактан этият бололу. Анткени Лут коомунун тушунда дагы зынаа көбөйүп кеткен. Эркек эркек менен жатып калган. Азыркы гейлер сыяктуу окуялар кайталанып калганда Аллах Таала апаат берип, бүтүн баардыгын топон суу каптап өлүп кетишкен. Ушундай коомдо болуп жаткан жаман нерселердин баары зынаанын айынан болуп жатат. Бүтүндөй коомдун арамды, арамдан табылган акчаны колдоп жаткандыгы бул дагы элдин аң сезиминин төмөндөп баратканынын далили болот.  Акырында айтаарым бир гана Даниэлди карабай, бүтүндөй Кыргызстандагы адамзат көзүн ачышы керек.   Алдамчылык, уурулук менен тапкан акчаларды да биздин атка минерлер тараттуда. Ошолорду да алуудан өтө сак болушу керек. Даниэлдин тапкан акчалары элге фуралар баратат.  Даниэл мырзанын азык түлүктөрүнүн баары фураларда бара жатыптыр. Алды Таласка жетти дешти.  Мындай учурда таратып бере турган адамдардан өтө сураныш керек. Азык-түлүктөрдүн баардыгын чыныгы муктаждарга, “ачкачылыктан өлүп баратам”- дегендерге  гана бериш керек. Алар дагы азыктарды алып жатып “Аллах ыраазы болсун” дебей жөн гана “Аллах күнөөңөрдү кечирсин”- деген дуба айтышы керек. Дагы бир жолу эскертип кетем, арамдан табылган акчага сооп жазылбайт. Тескерисинче коомго апааты тийет.   Болуп өткөн каталарынан Даниэл мырза сабак алып, камактан чыккандан кийин ката кемчиликтерин кайталабай, тескерисинче ишканаларынын баарын жаап, кылып өткөн каталарын убада кылуу менен бирге, Алла алдында тобоо кылып жашоосун үмүт кылабыз.

                                  Терең урматым менен  төкмө акын Идрис Айитбаев

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru