Төкмө акын, обончу, ырчы Элмирбек Иманалиев көз жумду. (Өмүр баяны)

Төкмө акын, обончу, ырчы Элмирбек Иманалиев бүгүн көз жумганы  боюнча анын жакындары билдиришти.  Жакындарынын айтымында өнөкөт оорудан улам, ооруканада бүгүн каза болду. 

Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Кадимки Кетмен-Төбөлүк (азыркы Токтогул), атактуу Эшмамбет төкмөнүн түздөн-түз тукуму.

Жогорку билимдүү. Мектепти бүткөндөн кийин Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студиядан окуп, андан соң Кыргыз мамлекеттик Бүбүсайра Бейшеналиева атындагы искусство институтунун (азыркы маданият жана искусство университети) фольклор бөлүмүн бүтүргөн.

Чыгармачылыгы:

“Аккан арыктан суу агат”, деген сыңары, төкмөнүн туягы катары Элмирбек Иманалиевдин бул өнөргө болгон кызыгуусу бала кезинен – мектеп жашынан эле башталган. Алгач 6-класста окуп жүргөн кезинде колуна комуз алып, калың элдин алдына чыккан. Муну көргөн төкмө акын Тууганбай Абдиевге жетип, жаш талантты борборго алдырган.

1993-жылдан бери айтыш боюнча республикалык жана эл аралык фестивалдардын баш байге ээси. 2016-жылы КРдин эл артисти наамын алган.

Эмгек жолун чыгармачыл өспүрүмдөрдүн республикалык “Сейтек” борборунда иштөөдөн баштаган. Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Учурда “Айтыш” коомдук фондусунун акындар мектебинин устаты болчу.

Ырчы, обончу катары “Булбулум”, “Аруузатым”, “Жалгыздыктан тажап бүттүм”, “Коштошуу вальсы”, “Мунарым”, “Балкыма” чыгармалары менен белгилүү.

Үй-бүлөсү:

1995-жылы ырчы Гүлбүбү Ороскул кызына баш кошуп эки кыздуу болгон. Кийинчерээк Нурзат аттуу айымга үйлөнгөн, учурда жубайлардын үч баласы артында калды.

Элмирбек Иманалиевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз…

Abal.kg

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru