народный

Төрөбай Зулпукаров өзүнүн дарегине айтылган чагымдарга жооп берди

Бул тууралуу саясатчы өзү билдирди:

«Айрым массалык маалымат каражаттарында менин дарегиме айтылып жаткан жалган, такталбаган маалыматтарга жооп берип коеюн.

Биринчиден, туура, шайлоо кампаниясы каржы маселесисиз өтпөйт. Бирок бизде шайлоо учурунда каржы маселесине аралашканга менде мүмкүнчүлүк дагы болгон эмес. Мен көпчүлүк учурда уюштуруу маселеси менен алектендим. Шайлоо учурунда жалпы Кыргызстанда шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп, дээрлик Бишкекте болгонум жок.   Талапкерлер партиянын жалпы чыгымдарын төлөөдө ар бири өз мойнуна алган. Төлөмдөр банк аркылуу жүргүзүлүп, алардын отчету БШКга толук берилген. Экинчиден, биздин партиянын талапкерлеринин арасында “золотой мандат” деген түшүнүк болгон эмес. Ар бир талапкер өзүнүн бөлүнүп берилген округдарында каржы маселесин да мойнуна алып, айрым жерлерде бири-бирине жардам беришкен. Менин жеке өзүмө “золотой мандат” үчүн деп бир дагы талапкер кайрылган эмес жана шайлоодон кийин каржы боюнча жаныма келип доомат да кылышкан жок. 

Саясий буйрутма аткарып жаткандарды мен туура түшүнөм. Ар бир жалган жалаага көңүл бурууну туура эмес деп эсептейм. Актануунун кажети деле жок. Ар бириңиздердин жүрөгүңүздөргө ыйман, үй-бүлөңүздөргө тынчтык, амандык тилеймин!»-деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru