народный

Төрөбай Зулпукаров: “Жолго алган насыялар боюнча биздин талаптар эске алыныш керек”

Депутат Төрөбай Зулпукаров жол тармагын оңдоп-түзөөгө багытталган тендерлерди өткөрүүдө, кредиттерди алууда өлкө кызыкчылыгын коргоону талап кылды. Ал мындай билдирүүнү Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө отчету угулуп жатканда айтты.

“Жол тармагындагы алынган кредиттерде эл аралык келишимдерге мүчө болгонбуз. Өзүбүздө өткөн тендерлер биздин сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамдарга баш ийбей жатат. Инвестор бизге насыя акчаны берип жатат дагы биздин мыйзамдарга талаптарды коюп жатат”, – деди депутат.

Ал кошумчалагандай, мындай кырдаалды жойбосо жол тармагындагы коррупция жүрө берет. 

“Насыя биздин моюнубузга илинген соң биздин талаптарды да эске алуусу керек”, – дейт Төрөбай Зулпукаров.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru