народный

Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри: “Олтургучтардын сапатына нааразы болгонум чын”

–Таалайбек Насирбекович, кечээ бала бакчаларды кыдырып жүрүп, нааразы болуп, урушканга чейин барыптырсыз…

–Ооба, Юго-Восток жана Амир-Темир кичи райондорундагы бала бакчалар март айынын аягында пайдаланууга берилет. Кечээ алдын ала текшерүү жүргүзгөн болчумун. Олтургучтарын карасам шурптары сыртына чыгып, сапатсыз жасалып калыптыр. “Өзүң  шымыңды чечип ушул олтургучтарга олтуруп көрчү”-деп курулуштун жетекчисине эскертүү бергем. Себеби бала деген бала, ойноп олтургучтун жанынан өткөндө шурптар кийимдерине илинет, столго кулайт.  Кудай сактасын каттуу урунуп алса, денеси көгөрүп, кийимдери айрылышы мүмкүн. Ата-энелер нааразы болсо сөз мэрияга тийет. Аны каалабайбыз.

Быйыл жергиликтүү бюджеттен канча бала бакча курулат?

–3 бала бакчаны куруп баштоонун алдында турабыз.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru