народный

Таарынычтан улам таанышын таш менен уруп өлтүрдү

Нарын облусунун Кочкор районунда көчөдөгү мушташтан кийин эркек киши аны таарынткан адамды  бычактап өлтүрдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, 10-ноябрь күнү саат 08: 30да Кочкор РИИБге жергиликтүү тургун 1971-жылы туулган К.К.дан үйлөрдүн  биринен 1961-жылы туулган К.Ж.нын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу  маалымат берген.

Киши өлтүрүүгө шектелип, Кочкор районунун Мантыш айылынын 25 жаштагы К.К. аттуу тургуну кармалды.

Кылмышка шектүүнүн айтымында, ошол күнү ал К.Ж. экөөнүн  ортосунда оозеки уруш чыгып, мушташка айланган. Андан кийин ал качып кетип, кечинде аны кордогон адамдын үйүнө келип, аңдып турган.

Шектүү  каршылашынын артынан чуркап келип, башына таш менен урган.  Жүрөгү токтоп калгандан кийин, аны үйүнө сүйрөп кирип, окуя болгон жерден качып кеткен.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru