народный

“Тай казан боюнча чечим акыркы эмес”- дейт федерация

 Кечээ 2020-жылы Түркияда өтө турган  “Көчмөндөр” оюнунда  Көк-бөрү оюнунун  тай казансыз өтөөрү тууралуу маалымат чыккан.  Мындай чечимге кыргыз тарап макул эмес.  Көк-бөрү федерациясынын башкы катчысы  Аскарбеков Куватбек  бул тууралуу «коом press» сайтына маалымат берип төмөнкүлөрдү билдирди:-   “Чындыгында бул маселе сьездде каралаарын бизге эч ким айткан эмес. Айтса даярданып барып, тай казан боюнча кенен түшүнүк бермекпиз. Биз алардын чечимине макул эмеспиз. Ошол эле учурда бул акыркы чечим эмес. Биз дагы аракеттенебиз, тай казансыз көк-бөрү көркүнө чыкпай калат”-дейт ал өз сөзүндө.  

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru