Тайсон эзелки атаандашы Льюис менен беттешет

Кесипкөй бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону Майк Тайсон британиялык атаандашы Леннокс Льюис менен реванш беттешине чыгат. Бул тууралуу ал TMZ порталына берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, эки мушкер тең реваншка даяр экенин билдиришкен. Кармаштын өтө турган күнү аныкталган.


“Мен Льюис менен дагы беттешке чыкканы жатам. Беттеш сентябрда өтөт”, — деген Тайсон.

Мушкерлер 2002-жылы кез келген. Анда британиялык спортчу сегизинчи раундда техникалык нокаут менен уткан.
Белгилеп кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында 15 жылдык тыныгуудан соң Тайсон чоң бокска кайрадан келген. Анда ал мекендеши Рой Жонс менен көргөзмө беттешке чыккан. Ардагер мушкерлердин таймашы тең чыгуу менен аяктаган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.