Тайырбек Сарпашевдин үйү тинтүүгө алынды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы Тайырбек Сарпашевдин үйүн тинтүүгө алды. Бул тууралуу коопсуздук органдарынын кызматкерлери билдиришти.
Буга чейин Финпол мамлекеттик кызмат, сот тутуму жана бир катар мекемелердин жетекчилери катышкан коррупциялык схеманы аныктаганы айтылган.
Тергөөгө ылайык, 2016-жылы президенттин аппаратынын кызматкерлери, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, судьялар жана сот тутумунун өкүлдөрү соттун чечимдерин жасалмалап, Максим Бакиевге жакын кишилердин мүлкүн камакка алуу чечимин жокко чыгартышкан. Алар муну менен «Г.Э» ишканасынын кызыкчылыгын көздөшкөн.
Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголгон.
Белгилей кетсек, Тайырбек Сарпашев 2015-2017-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru