народный

Таксисттин унаасын айдап качып кеткен жаш кыз кармалды

Бишкек шаарында унаа айдап качкан шектүү кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, , 27-февралда кечинде Ахунбаев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кыз такси чакырган. Ал көрсөтүлгөн дарекке жеткенден кийин жол акысын төлөгөн эмес. Айдоочу укук коргоо органдарына телефон чалып жатканда жүргүнчү кыз унааны айдап, качып кеткен.

«Айдоочу милицияга кайрылып, бул факт Жазык кодексиндеги 206-берене (автотранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1997-жылы туулган Ж.Р. кармалып, соттун чечими менен №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси текшерилип жатат», – депкошумчаланат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru