Талант Мамытов: “Ак калпак – өлкөбүздүн башкы символу!”

Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Улуттук баш кийим – Ак калпак күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Ак калпак – кыргыз элинин уникалдуу маданиятынын бир үлгүсү, өлкөбүздүн башкы символу.
Акыркы жылдары бул күндү майрам катары белгилүү жакшы салтка айланды. Анткени, ушул күнү улуттук баш кийимибизге гана сый-урмат көрсөтпөстөн, кыргыз элинин көөнөрбөс каада-салтын жана үрп-адатын даңазалап келебиз. Айрыкча быйылкы Ак калпак күнүнүн шаң менен белгиленип жатышы кубандырат.
Сиздерди дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктап, ар бириңиздерге бекем ден-соолук, ырыс-кут каалайм! Мамлекетибизде тынчтык жана ынтымак өкүм сүрүп, өнүгө берсин!

Leave A Reply

Your email address will not be published.