народный

Талантбек Батыралиев, экс министр: «Адамдын өмүрүн сактап калганыма сыймыктанбайм»

–Талантбек  Абдуллаевич,  Түрк аба жолдорунда адам өмүрүн сактап калганыңызды жазышууда. Окуя негизинен кандай болду эле?

–Ооба, Түркияга кетип жаткам.  Учакта уктап кетиптирмин. Бир маалда жанымда олтурган киши “сиз дарыгер эмессизби? Бир аял кыйналып жатыптыр”-дегенинен дароо оорулууга бардым. Учактын экипажы менден жоопкерчиликти аласызбы дегенинен ооба деп дароо оорулууну карап, кан басымын түшүрүүгө аракет жасадым.  Ал менин жардамымдан кийин дароо эсине келип, жерге аман-эсен конду. Эми менин ордумда болсо кайсыл дарыгер болбосун жардам бермек.  Адамдын өмүрүн сактап калдым деп сыймыктанбайм. Бул биздин гиппократтын антын аткарганыбыз эле болуп эсептелинет. Экипаждагылар дагы абдан жакшы даярдыкта экен, мага жардам беришти. Кийин ыраазычылык кат жазып жиберишиптир. Аларга ыраазычылык билдирем.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru