Талас шаарында 20 орундуу күндүзгү стационар ачылды
Кечээ, 29-октябрда Талас шаарында 20 орундуу күндүзгү стационар ачылды. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал шаардагы «Ак-Бешик» балдар бакчасында ачылды. Таласта коронавирус жуктургандан көбөйүп жаткандыктан күндүзгү стационарлардын иши жанданып, ичинде кезек менен медицина кызматкерлери иштеп жатышат.