Таласта 52 жаштагы жаран токойдо асынып алган

Таластагы токойлордун биринде  52 жаштагы киши асынган абалда табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 29-ноябрь күнү Талас РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Талас районунун Арал айылынын түштүк​ тарабында жайгашкан токойдун ичинен талга асынып турган жансыз дене табылганы айтылган.

Текшерүү учурунда ал Арал айылынын 1969-жылы туулган тургуну Ж.С. экендиги аныкталган.

Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru