Таласта кар жаады
Бүгүн, 23-октябрда Талас районунун Беш-Таш, Калба жана Жон-Арык айылдарына кар жаады. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазып чыкты. Маалыматка караганда, кар болжол менен саат 05:00 чамасында жаай баштаган. Азыр кар жамылгысынын бийиктиги 5-6 см. Кар жаашы уланууда. Кар Талды-Булак айылында да башталды. Мындан тышкары, Манас районунда кар жаашы күтүлөт.