народный

Таласта коронавируска шектелген бир адам обсервацияга жаткырылды

Таласта коронавируска шектелген бир адам обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Жыйында, Талас облусунда бир жаран коронавирус күмөнү менен обсервацияга жаткырылды деген маалымат туурабы деген суроо берилип, Исаков ал маалыматты ырастады.

“Ооба, бир жаран обсервацияга жаткырылды”, – деп жооп берди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Сузак районунда үч адамда коронавирус аныкталган. Алар 12-март күнү Сауд Арабиясынан келишкен. Мындан улам Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru