Таластагы азык-түлүк дүкөнүндө классташ баласын бычактап салды деп шектелген жаран 2 айга камакка алынды
Таластагы азык-түлүк дүкөнүндө классташ баласын бычактап салды деп шектелген жаран 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Талас облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.
Шектүү үй-бүлөлүү, бир баласы бар. Ал эми каза болгон бала бойдок болгон. Окуянын келип чыгуу себептери тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт.