Таластагы мейманканада ээнбаштык кылууга шектелген адамдын иши иликтенип жатат

Кечээ, 11-октябрда Талас шаарындагы «Kerben Palace» мейманканасында ээнбаштык кылууга шектелген адамдын иши иликтенип жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБден кабарлашты.

«Кербен» мейманканасынын администрациясы жана жабыркаган унаалардын ээлери да арыз жазуудан баш тарткан. Келтирилген материалдык чыгымды шектүү ордуна келтирүүдө. Учурда бул иш боюнча териштирүү токтой элек», – деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу:

Кечээ, 11-октябрда Талас ОИИБден Талас шаарындагы «Kerben Palace» мейманканасында ээнбаштык кылууга шектелген адам кармалганын кабарлашкан.

Маалыматка караганда, милицияга бүгүн түнкү саат 04:30 чамасында чакыруу түшкөн. Анда «Талас шаарынын Бердике баатыр көчөсүндө жайгашкан «Кербен пэлэс» мейманканасында белгисиз жаран эшиктерди сындырып, чатак кылып жатат» деп билдирген. Ал жерге ошол замат Талас ШИИБдин ыкчам тергөө тобу чыгып, текшерүү иштерин жүргүзгөн. Текшерүү учурунда Талас шаарынын 1983-жылы туулган О.С. аттуу тургуну мас абалда мейманкананын эшиктерин сындырып, чатак салганы аныкталган.

Андан тышкары ошол мейманканада токтоп турган «Фольксваген Поло» үлгүсүндөгү унаанын арткы айнегин жана «Ниссан» үлгүсүндөгү унаанын капталдагы айнегин сындырганы такталган. Ал адам милицияда иштеген деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анын милиция кызматына эч кандай тиешеси жоктугу такталган.

Кармалган шектүү учурда эч жерде иштебейт. Аталган факт Талас ШИИБдин маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына бейбаштык фактысы менен катталып, шектүү адам ШИИБге жеткирилип, сурак берүүдө. Окуянын бардык жагдайлары иликтенип, текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru