“Талибан” Тажикстан жана Өзбекстанга эскертүү берди

Ооганстандын башында турган “Талибан” кыймылы былтыр август айында мурунку бийлик кулаган маалда Өзбекстанга жана Тажикстанга чыгарылып кеткен тик учактарды кайтарып берүүнү талап кылды. Ал ошондой эле “эгер учактар кайтарылбаса, кесепети оор болорун” эскертти.

Талиб өкмөтүнүн коргоо министринин милдетин аткаруучу Мавлави Мухаммад Якуб 11-январда “биз эч качан учактарыбыздын чет жактарда колдонулушуна жол бербейбиз” деп айтты.

Мындай маанидеги кайрылууну талибдер соңку жума ичинде эки жолу жасашты. Азырынча Дүйшөмбү менен Ташкент эч кандай жооп кайтара элек.

Буга чейин талибдер Тажикстан менен Өзбекстанга 40 тик учак чыгарылып кеткенин билдиришкен. Былтыр августта ондогон ооган аскерлери тик учактар менен кошуна мамлекеттерге качышкан.

Тик учактардын көбүн Ооганстанга Америка берген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru