Тамада Арстан Алайды сотко берди

Теле алып баруучу жана тамада Урмат Асанбеков коомдук ишмер Арстан Алайды сотко бергенин билдирди. Доо арыз бүгүн, 17-мартта Бишкектин Ленин райондук сотуна берилген.

Буга чейин Арстан Алай Абдылдаев маалымат жыйында Кытайга коронавирусту өзү жөнөткөнүн билдирген болчу.

Өз кезегинде Урмат Асанбеков жумушунан кол жууганын маалымдады. Анын айтымында, коронавирус дүйнө жүзүнө жайылып, Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы кымбаттап, чектөө жана тыюу салууларга байланыштуу айрым адамдар үй-бүлөлүк иш-чараларын белгисиз мөөнөткө жылдырды.

«Анын кесепетинен иш-чараларда алып баруучулук жумушумдан ажырап, мага нравалык зыян келтирилди», – деп доо арыз менен кайрылып, соттон Арстан Алайдан моралдык чыгым катары 50 миң сом өндүрүп берүүнү суранган.

Булак баракелде.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru